Буту сынып, Жеңиш чокусунда жардам күтүп жаткан аял каза болдубу?

Жеңиш чокусунда буту сынып калган орусиялык альпинист каза болгонун Shot Telegram каналы билдирди. Андагы маалыматта 47 жаштагы Наталья Наговицина кыймылдабай жатат. 

«Аял 7 миң метр бийиктикте уктоочу баштыктын ичинде жатат, ал жактагы температура азыр -23. Биздин маалымат боюнча, кыргызстандык куткаруучулар альпинист турган жерге шейшемби күнү чыгышы керек болчу, бирок көтөрүлүү 5-6 күнгө созулушу мүмкүн. Учурда бир нече тажрыйбалуу альпинисттер Натальяны издөө үчүн куткаруучулардан өзүнчө жолго чыгууну пландап жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле басылма аял калып калган аймактын рельефине байланыштуу адамды ылдый түшүрүү кыйынга турары айтылат. 

«Анын чатыры бир нече жыл мурун альпинист Михаил Ишутин каза болгон жерде турат. Анын сөөгү азыркыга чейин түшүрүлө элек. Күн сайын чокуда абанын температурасы төмөндөп жатат. Эртең -26 градуска чейин суук болуп, кар жаашы күтүлөт. Ал эми Наталья кыймылдабай жатат», — деп айтылат маалыматта.