Кечээ, 8-сентябрь күнү саат 21:35 чамасында 25 жаштагы айдоочу Hyundai Sonata унаасын Алматинский көчөсү менен түндүк багытка башкарып бара жатып, Суворов көчөсүнүн кесилишинен артка бурулуп жатып, артынан келе жаткан скутер менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен скутер айдоочусу 18 жаштагы жаран баш мээси чайкалып, оң буту сынып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилди. Учурда унаа каражаттары айып короого токтотулуп, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.