Бутун өптүргөн «принцти» сабап жаткан видео тарады. Милиция териштирүү баштады

Социалдык тармактарда өзүн «принц» деп атоону талап кылган жигитти сабап жаткан видео тарап жатат. Видеодон аны сабап, ага бутун өптүрүп жаткан 2 кишини көрүүгө болот.

Чүй ОИИБден маалымат беришип, видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. «Бул окуя Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,- дешти.

Буга чейин социалдык тармакта өзүн «принц» деп атоону талап кылып, жаракат алган өспүрүмгө бутун өптүрүп жаткан жарандын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу жаран кармалганын билдиришкен. 

Чүй милициясы маалымат таратып, тергөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, учурда кылмыштын курамы Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинен, уруп-сабоо кыйноо беренесине которулганын билдиришкен.