БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 17-июлда Ысык-Көлдө жол кырсыгынан БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси жол кырсыгынан каза болду. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-июлда Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу «Акипресс» жазды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Аида Касымалиеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

17-июль күнү саат 19:00дөр чамасында Каракол-Ананьево-Балыкчы автожолунун 59-чакырымында жол кырсыгы болгон. Аталган маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан ырастап, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөнүн билдиришти. Алгачкы жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 68 жаштагы Ош облусунун тургуну К.К. өзүнө тиешелүү болгон «Тойота-Авенсис» автоунаасын чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Өрнөк айылынын ичинен кайрадан чыгышты көздөй бурулуп жаткан учурда, артынан келе жаткан Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Т.А.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц-210» автоунаасы менен жол кырсыгына учураганы аныкталган. Жол кырсыгынын натыйжасында, «Тойота-Авенсис» автоунаасынын айдоочусу 68 жаштагы К.К., жанында жүргүнчү болуп бара жаткан 68 жаштагы жубайы М.Б. жана 9 жаштагы небереси М.К. окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми, «Мерседес-Бенц-210» автоунаасынын 20 жаштагы айдоочусу Т.А., жанында жүргүнчү болуп бара жатышкан Бишкек шаарынын тургундары 23 жаш курактагы Т.У. жана Ж.А. денелеринен жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылышкан. Жол кырсыгынын келип чыгышынын жагдайларын аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери уланууда.