«Бычак сайып өлтүрүп, арабага салып, ээн талаага көмгөн». Жалал-Абадда 39 жаштагы жаран киши колдуу болду

Жалал-Абадда 39 жаштагы жаранды сайып өлтүрүп, арабага салып, ээн жерге көмүп койгон делген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-октябрь күнү саат 09:15 чамасында Ноокен РИИБдин «102» кызматына Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын жергиликтүү тургундарынан кабар келип түшкөн. Анда Богот участкасынын түндүк тарабындагы адырлуу ээн талаада, аңдуу чуңкур жерде белгисиз адамдын жансыз денеси, сөөк мүчөлөрү көрүнүп калган абалда жатканын билдирген.

Окуя болгон жерге Ноокен районунун прокурору жана РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, тиешелүү опер кызматкерлер барышкан. Белгисиз адамдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда, эркек киши экени, жашы болжол менен 35-40 жаш куракта экени аныкталган. Жансыз дене узак убактан бери туруп, эттери кургап сөөк мүчөлөрү көрүнүп калган абалда экендиги аныкталып, тиешелүү буюмдар далил зат катары алынган. Аталган факты 21-октябрда Ноокен РИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде каза болгон адам Ноокен районунун 39 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында, Ноокен РИИБдин крииналдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 1972-жылы туулган тургуну кармалды. Суракта шектүү окуя боюнча айтып берген. Анын айтымында, 9-октябрь күнү Богот участкасындагы үйүндө экөө арак ичишип олтуруп, сөз талашып уруша кетишип, анын ичине бычак сайып өлтүрүп, андан кийин арабага салып, айылдын четиндеги ээн адырлуу талаага алып барып көмүп койгон. Далил буюм зат катары араба, бычак жана башка тиешелүү нерселер алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ноокен райондук тергөө сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, шектүү 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.