«Бычак такап…» Ошто мектеп окуучусу зордукталды

Ошто жашы жетелек кызды зордуктоого шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жигит 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында унаасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз — мектеп окуучусу. Атайын экспертиза өз корутундусунда жабырлануучунун зордукталгандыгын тастыктаган.

Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга абакта кармоо боюнча чечим чыкты. Учурда тергөө иштери уланууда.