«Бычак такап, сабап…» Араванда карактоого шектүүлөр кармалды

Араванда карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

22-апрелде милицияга Юсупов айыл аймагынын тургуну 2002-жылы туулган жигит белгисиз жагдайда денесинен жараат алып, аймактык ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат катталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 21-апрель күнү саат 23:30 чамасында Юсупов айыл аймагында унаасын башкарып бара жатканда, ак түстөгү башка унаа сүзүп токтотуп, унаадан беттерине медициналык бет кап, башына кепка кийген, 30-35 жаш чамасындагы эки жигит түшүп, жабырлануучуга зомбулук көрсөтүп, бычак такап коркутуп, колунун билегин кескилеп унаасын тартып алып, «2 миллион сом акча тез арада таап кой» деп окуя болгон жерге таштап белгисиз тарапка кетип калышкандыгы маалым болгон.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Араван районунун тургуну 1992-жылы туулган С.Т. Бишкек шаарында из жашырып жүргөн жеринен жана 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган Орусиянын жараны Х.Ш. Өзгөн районунда кармалышып, камакка алынган.