«Бычакты көкүрөк тушка шилтеген». Чүйдө автобустун ичинде бычак менен кол салууга шектүү кармалды

Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичинде бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

21-июль күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчүгө бычак менен денесине залал келтиргендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, коомдук транспорттогу жүрүм-туруму боюнча эскертүүнү жактырбай, ортодо чыр чыгып жарандын көкүрөгүнө бычак менен залал келтиргени аныкталган.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, шектүү кармалып, Аламүдүн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.