«Бычакты ыргыткан жерин көрсөтүп берген». Жалал-Абадда 43 жаштагы аялдын өлүмүнө 38 жаштагы аял шектелүүдө

Милиция эки аялдын пикир келишпестигинен келип чыккан оор кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-август күнү саат 13:15 чамаларында Таш-Көмүр ШИИБдин «102» кызматына телефон чалуу болуп, Шамалды-Сай шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чакыруу боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы үйлөрдүн биринде жашаган 1978-жылы туулган жаран экендиги такталып, киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБге  “киши өлтүрүү” фактысы менен катталып, Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-биялогиялык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү табуу максатында иш-пландар түзүлүп, ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жасаган ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургуну 1983-жылы туулган аял киши аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмыш болгон жерден жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Таш-Көмүр шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өлтүрүлгөн жана шектүү адам базарда бир катарда иштешкен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки аял тең жалгыз жашашкан, балдарын багып, мөмө -жемиштерди базарда сатышкан. Маркум 1978-жылы туулган аялдын 2 баласы, шектүүнүн 5 баласы бар.