Бүгүн Алайда жана Өзгөндө сел суу каптап, тазалоо иштери жүрүп жатат

Бүгүн, 25-апрелде Алайда жана Өзгөндө сел суу каптап, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суу Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак жана Биринчи Май айылдарындагы турак үйлөрдүн короосун, ички-чарбалык жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге тактоо иштерин жүргүзүүгө Алай районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылды.

Саат 07:00 чамасында Өзгөндүн Ак-Жар айыл өкмөтүндө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суу Большевик айылындагы толук курулуп бүтө элек сел кармоочу тосмонун жээктеринен суу ашып каптап кетүү коркунунч жаралган. Ал жерге 20 куткаруучу тартылып бекемдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Кошумча маалымат берилет.