Бүгүн Алмазбек Атамбаев сотко мажбурланып алып келинет

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирди. Көзөмөл органынын өкүлү кечээ экс-президент дагы бир кылмыш иши боюнча сот отурумуна келгенин эске салды. Судья Азирет Медеров прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.