Бүгүн экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралат

Бүгүн, 24-декабрда экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралат. Ал соттук отурумга жеткирилди. Ал эми анын тарапташтары соттун имаратында ишти ачык кароону талап кылып жатышат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына түз эфирге чыгып, Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралганга чейин 48 сааттан ашык убактылуу кармоочу жайда кармалышы мыйзамсыз экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип, УКМК тарабынан аэропорттон кармалган.