Бүгүн Атамбаевдин катышуусунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт

Бүгүн, 13-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келинет. Жыйын жарандар жана журналисттер үчүн ачык», — деп жазды ал.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болгонун анын адвокаты Сергей Слесарев билдирген.