Бүгүн түнү Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыкты (видео)

Чүй облусундагы Байгелди айылында кечээ, 26-сентябрда саат 23:14 чамасында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат бүгүн, 27-сентябрда 08:20да Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 9 куткаруучу тартылган. Жерине жалпы ӨКМден 85 куткаруучу жана Байгелди айыл өкмөтүнөн 4 кызматкер иш алып барууда. Учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары жүрүп жатат. Болжолдуу түрдө 100 гектар аянтта жер күйгөн. Шамалдын багыты ар кандай болгондуктан өрт үч тарапка каптаган. Үйлөргө жана башка чарбаларга коркунуч туудурган эмес.