Бүгүнкү жер титирөө менен 1910-жылдагы зилзала окшош жерде болду

Бүгүн, 20-октябрдагы Чүй облусундагы жер титирөө менен 1910-жылдагы Георгиевкадагы зилзала окшош жерде болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

1910-жылдын 25-декабрында Георгиевкада катталган жер титирөөнүн баллынын күчү 7-8 балл болгон.

Эки жер титирөө тең Борбордук-Чүй зонасына байланышкан.

Буга чейин зилзаланын очогу шаардан 32 чакырым алыстыктагы Милянфан айылы болгонун Билдирүүлөрдүн Earthquake Alerts System онлайн системасы маалымдаган болчу.