Быйыл өлкөдө өрттөн 34 адам каза болгон. Алардын алтысы балдар

Ушул жылдын 11 айында республика боюнча 2732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 миллион 410 миң сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар жана жабыркагандардын саны 22 адамды түзөт. Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 миллиард 290 миллион 195 миң сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.