«Бүктөмө бычагы менен сайган». Ошто 22 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө шектелип жатат

Ошто жаш кыз 37 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрь күнү саат 02:55 чамасында нөөмөт бөлүмгө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө орун алган «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта болжол менен 35-40 жаштагы Мирбек (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран сол бутунан белгисиз миздүү нерсе менен сайылып, кесилген жаракаты менен келип түшкөнү айтылган. Аталган маалымат Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн 1-пунктундагы кылмыштын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган ооруканага ыкчам-тергөө тобу барган кезде Мирбек каза болуп калгандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлгөн учурда «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта кызык-кочкул түстөгү тактар бар экендиги аныкталган. Ал кылмыш болгон убакта үстүндө кийип турган кызыл-кочкул тактары бар ак түстүү футболкасы, көк түстүү жынсы жана ак түстөгү кроссовкасы далил катары алынган. Каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын бутунун өйдөңкү ички бөлүгүндө бир даана сайылып кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында күбө катары маркумдун жанында болгон досу жана окуяга күбө болгондор суралышып, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө маркум менен «Кенч» кафесинде отурушкан эки менен өз ара сөз талашып уруша кетишип, кафеден сыртка чыгышып кыз спирт ичимдигин ичкен мас абалда маркумдун бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу уруп жибергени аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факты боюнча окуянын жагдайларын изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.