Былтыр да өрт жалмаган. Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти

Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 23-декабрь күнү саат 05:00 чамаларда милицияга чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Бул окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына «өрт кырсыгы» болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда текшерүү иштери улантылууда.

Былтыр да жыл жаңырар алдында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.