«Бүт өмүрүм алдыда, дагы көп нерсеге жетишем дегем». Түркияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келиндин акыркы посту

Түркияда кайнатасынын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келин 4 күн мурда социалдык тармактагы баракчасына акыркы билдирүүсүн жазып кеткен. Анда ал дал ошол күнү 30 жашка чыкканын айтып, өзүнүн жан дүйнөсү менен бөлүшкөн.

«Мына убакыт өтүп, 30 жашка толдум. Жашоомдун баары алдыда экендей сезилет, көп иштерге жетишем. Жыйынтык чыгарбайм, бул акылга сыйбаган нерсе. Кандай өтсө, ошондой жазылган. Демек ошондой болушу керек. Көп каталар кетти, керексиз сөздөр айтылды, бирок өкүнбөйм. Эмне кереги бар. Биз акыркыга чейин эмне туура, эмне туура эмес экенин билбейбиз да. Мен бул күнү өзүмө өзүм суроо берем — «Сен бактылуусуңбу?». Ооба, мен бактылуумун. Албетте менин жанымда мага кымбат болгон адамдар жок — апам, жакындарым… Бирок мен аларды дайыма эстейм. Менде эмне бар? Менин бактым, кубанычым болгон балдарым бар. Мени жакшы көрүп күткөн үйүм, жолдошум бар. Биздин жашыбыз сан менен өлчөнбөйт деп айтышат. Мага өз жашым жагат. Бул жаштык кез да, карылык да эмес. Мен жаш жана сулуумун. Ишенем, бизде баары жакшы болот. 30 жашта гана баары башталат да. Мен бул убакта чоңойдум. Эми мен бардык кыйынчылыкты көтөрө алам деп ойлойм же баарын эмес… Мен күчтүү болдум. Мен чечим чыгарып, алар үчүн жоопкерчилик алууга үйрөндүм. Бирок жан дүйнөмдө жомокко ишенген, баёо кызмын. Мен жомокко ишенгим келет. А сүйүү… Сүйүү деген эмне? Сүйүү бар жана жашайт. Ошону менен бирге андан да маанилүү нерселер бар. Мен жөн гана аны биринчи орундан жылдырып койгом. Мындан ары эмне болот? Билбейм. Бирок күчтүү, акылдуу, жакшылыкты гана күтөрүмдү билем. 30 жашың менен. Баары алдыда! Апама рахмат!» — деп жазган ал.