«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 3 мүчөсүнө кылмыш иши козголду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча УКМКдан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктаган.

«Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин 1993-жылы туулган кеңешчиси, фракциянын катчылыгынын 1994-жылы туулган эксперти жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы — 1993-жылы туулган жаранга карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча үчөөнө кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Экөө жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бирөөсү ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.