“Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Ал Кылмыш кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылып, буга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен каралган баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан кармалды.
8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. УКМКдан ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен.