“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакта калтырылды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти.

Журналисттерге жактоочусу Алманбет Бексултанов билдиргендей, Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (массалык баш аламандыктар) алмаштырылган.

Замирбек Шамшидин уулу 21-сентябрда УКМК тарабынан кармалганы айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек.