“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу үй камагына чыкты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Ал 8-январга чейин  үй камагында болот.

Журналисттерге жактоочусу Алманбет Бексултанов билдиргендей, ага Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (массалык баш аламандыктар) алмаштырылган.

Замирбек Шамшидин уулу 21-сентябрда УКМК тарабынан кармалганы айтылган.