«Бүтүн Кыргызстандын» активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов тил кат менен бошотулду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Мындай чечим Бишкек шаардык сотунда чыкты.

Чечимге ылайык, Мирлан Ураимов 26-мартка чейин эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен бошотулду.

8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. УКМКдан ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен.