«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКдагы сурактан чыкканы айтылды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКга сурак берген соң чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 6-июлда бир нече тарапташы УКМКда суракка алынганын билдирген. Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар экени айтылган.

УКМК депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары боюнча маалымат таратып, алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн деп шектелип жатканын билдиришкен.