«Чач» каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

«Чач» каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Манас” аэропортунан кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, ал буга чейин 2015-жылы Беларуста өлтүрүлгөн кримтөбөл атыккан Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

“Кармалган жаран Кыргыз өлкөсүнүн аймагында бир нече кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө, ошондой эле анын резонанстуу криминалдык окуяларга, Жалал-Абаддагы ок атышууларга тиешеси бар. Ал жана ал башында турган кылмыштуу топ “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун мурунку жетекчиси тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусундагы ишкерлерди жана тургундарды күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап келген. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн. Кармалган жаран абакка киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.