«Чачтан сүйрөп, уруп». Бишкекте кыз кароолчу тарабынан сабалганын айтып чыкты

23-январда Бишкектеги 6-кичи райондо жайгашкан тамактануучу жайлардын биринин күзөтчүсү кызды сабап салган. Бул тууралуу кыздын жакындары коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Маалыматка караганда, кыз ошол күнү достору менен эс алып жүрүшкөн. Алар официанттан эсепти сурашкан. Бирок официант корс жооп берген. Алар мындан улам администрадорду чакырууну талап кылышкан. Ал «ишти чечет» деп кароолчуну чакырган. Кароолчу эсепти ыргытып, жаман сөз айткан. Андан соң күзөтчү кызды чачынан сүйрөп, күч колдонгон. Кыз бошоном деп жатып, кароолчуну тытып алган. «Кароолчу атайын так калбаган жерге урган. Бир нече убакыт кызды уруп, кайра ичкери кирип, досторун коркута баштаган. Кыз кайра кирип, көзөмөл камерага түшкөн видеону сураган, бирок беришкен эмес. Кийин милиция келип калган. Биз бул окуяны жөн койбойбуз, акыйкаттык издейбиз», — деп жазылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден окуя боюнча арыз жазылганын тастыкташты. «Жаран арыз менен 24-январда кайрылган. Анын денесине залал келтирилгенин көрсөткөн. Факты каттоого алынган. Экспертиза дайындалды. Тергөө уланууда», — дешти.