«Чачынан сүйрөп, тишин сындырып». Баткенде каза болгон келин мурда да сабалып жүргөнү айтылды

Кадамжайда күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин да, анын жолдошунун да угуу жана сүйлөө жагынан майыптыгы болгон. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Келин былтыр жайында да сабалып, ооруканага жатып чыккан. «Денесине оор жаракат келтирген. Уруп, чачынан сүйрөп, тишин сындырып, жаактарынан, башынан жаракат алган. Баткенге алып барганбыз. Ооруканага түшкөндө милицияга кабар түшөт экен. Тергөөчүлөр келген, бирок жооп жок болуп кетти. Чара көрүлдүбү же жокпу билбей калдык. Ошондо чара көрүлгөндө бул нерсе болмок эмес деген ойдомун», — деди анын агасы Нургазы Пиржанов.

Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти.