Чаекте 38 үйдүн короо-сарайын сел агыны аралап өттү

13-июнь күнү саат 17:40 чамасында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары жалпы 38 турак үйдүн короо сарайларын, бакчаларын, чарбалык курулуштарын сел агыны аралап өткөн. Бактыга жараша жашаган турак-жайларга суу кирген эмес. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кечээ, 14-июнда тазалоо иштерин улантуу үчүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 23 куткаруучу, айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор, 2 трактор, Чайна Роуд компаниясынан 2 экскаватор тартылды. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.