«Чайхана чатагы»: Азамат Марипов акталып чыкканын билдирди

Бейбаштыкка шектелип кармалган Азамат Марипов социалдык тармактагы баракчасына акталганын жазды.

«Сиздер менен белгилүү себептерден улам баарлашпай калганыбызга толук 5 ай болуптур. 10-сентябрда эч бир күнөөбүз жок болгондуктан, соттон толук акталып чыктык», — деп жазды ал.

Буга чейин Азамат Марипов аттуу өзүн «мекенчил» атаган жаран Фейсбукта түз эфирге чыгып, аларды «подстава» кылганы жатканын, алар чогулуучу чайханага камера орнотушканы, камераны койгон киши президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экенин айткан. Марипов Туманбаевге өкүл ата болуу сунушун айтканын, Туманбаев макул болуп, тойго 13 миң доллар бергенин айткан. Мариповдун айтымында, ал сүйлөшкөн кызы менен үйлөнбөй калып, 13 миң долларды бөлүштүрүп берген.

Соцтармакта «чайханада чыккан чуу» деп атыккан чуу боюнча Каныбек Туманбаевдин түшүндүрмөсү жарыяланган.

«Мага Азамат Мариповдун «Мен мекенчилдердин башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз» деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп, эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир»,- деген ал. 

Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалган.