“Чапаны чыгып калган”. Сүлүктүдө дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кишини издөө иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

Бүгүн, 9-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен ОИИБ менен байланышканыбызда жарандын жансыз денеси табылганын билдиришти. “Жансыз дене 3-январда табылды. Тоодо 150 метр тереңдиктеги жарга кирип кетип, кар басып калган. Дрондон да ошол үчүн көрүнгөн эмес. Кар эригенде чапаны чыгып калган”,- дешти.