Кечээ, 7-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө 2002-жылы туулган жаран ак түстөгү Эндуро маркасындагы мотоцикл менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн. Кырсык боюнча милиция маалымат таратып, шектүү кармалганын билдиришти.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 23:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан жаран мотоцикл менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, кесепетинен наристе алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болуп, ал эми 2004-жылы туулган наристенин апасы алган жаракатынан улам шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча 8-сентябрда Токмок ШИИБ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин алкагында 2002-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда, жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.