Чаткал дарыясына унаа түшүп, сууга акты делген ишкерлердин бирөөсүнүн сөөгү табылды

17-август күнү Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел тилексинде Чаткал дарыясына автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кетти деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде куткаруучулар тартылып, издөө иштеринин 13-күнү Беш-Арал коругунун Найза тилкесинде бир жарандын жансыз денесинин баш сөөктөрү табылды. Ал Чаткал РИИБнүн кызматкелери тарабынан такталып, 1998-жылы туулган Р.А. аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүп берилди. Издөө иштери убактылуу токтотулду.