Чаткал дарыясынан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Чаткал дарыясынан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Чаткал дарыясына эркек киши түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 7 куткаруучу тартылып, 45 жаштагы жарандын жансыз денесин жергиликтүү тургундар менен биргеликте чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.