Чаткал районунун мурдагы акими, мурдагы тергөөчү жана журналист 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кыргызстандын жараны 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалган.

Кармалган жаран Ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү болуп, Чаткал районунун экс-акими жана «Азаттыктын» мурдагы журналисти менен биргеликте узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Аталган адамдар июль айында эки транш менен 60 миң доллар алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.