Чаткал токой чарбасынын башчысы 100 миң сом пара берүүгө шектелип кармалды (видео)

Токой чарбасынын жетекчиси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган. Бирок Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кечээ, 6-июлда ал Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө («Пара берүү») каралган кылмышты жасоого шектелип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.