Чаткалда изделип жаткан адамдардын бирөөсүнүн сөөгү табылды

Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 12:45те көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, тик учак менен штабга жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда издөө иштери улантылууда.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.