Чаткалда изделип жаткан жарандын жансыз денеси дарыядан табылды (сүрөт)

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган тургуну 1 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн атайын ыкчам автоунаасы менен 12 куткаруучу жерине саат 09:00дө тартылып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денесин саат 09:30да Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып, РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.