Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 киши изделүүдө

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-октябрда Ак-Сай ашуусунда болгон. 14 киши дары чөп эндиктин тамырын казууга барып, кайткан эмес.

Куткаруучуларга маалымат 16-октябрда түшүп, алар издөө иштеринде жолдон алгач 2 адамды, кечке маал 6 адамды аман-эсен табышкан. Куткарылгандардын айтымында, кар көчкү алдында дагы 6 адам менен 17 баш жылкы калган. ӨКМ учурда ыкчам штаб түзүп, издөө иштери уланууда.