Чаткалда кар көчкү түшүп, 3 сарайды мал-жандыгы менен кошо басып калды

Кечээ, 12-мартта саат 11:30 чамасында Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан 3 сарайды кар көчкү басып калды деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жалпы жонунан 1 миллион метр куб  көлөмүндөгү кар көчкү түшүп, сарайдагы мал-жандык менен кошо басып калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Такталган маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен айыл тургундарынын болжол менен 156 баш кой, 6 жылкы жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа кар көчкү астында калган. Кар көчкүнүн астынан 97 баш кой, 3 жылкы жана унаа чыгарылды.

Бүгүн, 13-мартта мал-жандыкты кар астынан чыгаруу иши улантылат. Ал жерге 17 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 кызматкер жана 2 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик трактор тартылган.