Чаткалда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында кар көчкү (көлөмү 7725 м3) түшүп, каттам эки тараптуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге тазалоо иш-чараларын жүргүзү максатында №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана Чаткал айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган. Учурда жолду толук ачуу иштери жүрүп жатат.