Чаткалда кар көчкүнүн алдында калгандар 30, 31 жашта болгон

Кечээ, 21-январда Чаткалда кар көчкү түшүп, анын алдында 2 эркек киши калганы маалымдалган. Алардын жашы 30 жана 31де болгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чаткал районунун Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 203-чакырымында, Жамгыр жана Мырзаш участкасынын орто чениндеги унаа жүрүүчү жолдо кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан эки жаранды капысынан чоң көлөмдөгү кар басып калып, жеринде каза болушкан. Маалыматка ылайык, алар «Вертекс Голд» ЖАКнын 31 жаштагы (А.Ж. уулу) жана 30 жаштагы (Ж.А.) аттуу кызматкерлери экени такталды.

Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, ӨКМдин 5 куткаруучусу, «Вертекс Голд» компаниясынын 3 бирдик унаа жүктөгүчү, 2 эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзүшкөн. Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Ж.уулунун жансыз денеси табылып, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан алып чыгарылган. Каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүп берилип, иликтөө иши уланууда.