Чаткалдагы ок атуу. Шектүү камакта калтырылды

7-июль күнү саат 14:30 чамасында Чаткал районунун аймагында 30 жаштагы тургун жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 38 жаштагы жаранды бир нече жолу атып жиберген. Шектүү соттун чечими менен камакта калтырылды. Ал 2 ай камакта болот. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Кесепетинен жабырлануучу алган жараатынан улам Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Чаткал РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда 1 ок жана гильзалар табылган. Шектүү өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Чаткал районунун 1993-жылы туулган тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизили. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.