Чаткалдагы Терек-Сай суусунан 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

ӨКМге Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган эркек киши сууга агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып,  адамдын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматына өткөрүп беришкен.