«Чечинтип, уруп, каракташкан». Ысык-Атада 3 жигит кармалды

Ысык-Атада эркек кишини уруп, чечинтип, карактап кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-мартта Ысык-Ата РИИБге жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 01:00 чамасында Кант шаарында анын денесине залал келтирип, телефонун, курткасын, спорттук бут кийимин жана банктык картасын тартып алышканын айтып, арыз жазган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000, 2001 жана 2002-жылы туулган жарандар кармалган.