Чехияда 32 жаштагы Кыргыз жараны түшүнүксүз жагдайда каза болду

Чехиянын Прага шаарында 32 жаштагы Адилет Сейитбеков аттуу Кыргыз жараны түшүнүксүз жагдайда каза болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 20-июнда болгон. Учурда өлүмдүн себептери айтыла элек.

“Вена шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкери үчүн Кыргыз жаранынын өлүмүнүн бардык жагдайларын тактоо боюнча максималдуу консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү максатында иш сапар уюштурулду. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү жана Жүк-200 ташуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, — деп билдиришти министрликтен.

Азырынча бул иш Чехиянын полициясы тарабынан тергелип жатканы маалым. Ошондой эле, бул окуя министрликтин өзгөчө көзөмөлүнө алынды.