Чехияда түшүнүксүз жагдайда каза болгон Кыргыз жаранын атып кетишкен

Кыргыз жараны октон жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда АКИpress агенттиги жазып чыкты. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 1989-жылы туулган жарандын 20-июнда Чехияда каза болгонун билдирген. Бирок окуянын чоо-жайын айтышкан эмес.

Маалыматка караганда, Чехиянын полициясы тергөө иштерин жүргүзүп, окуянын күбөлөрүн издеп жатат. «Адилет октон жараат алган. Түнкү саат үчтөр чамасында анын сөөгүн милициянын кайгуул кызматкерлери табышкан», — деп айтылат маалыматта.