Чек арачылар өтө баалуу тамырды алып өтүп бара жаткан жаранды кармашты

19-сентябрда Нарын облусунда чек арачылар аткезчилик жүктү – жок болуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктүн тамырын алып өтүп бара жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

“Муз-Төр” чек ара постунда ВАЗ-2121 «Нива» маркасындагы автоунаа токтотулуп, аны текшерүү учурунда чек ара кезмети белгисиз өсүмдүктүн тамырлары салынган 3 капты табышкан, алардын жалпы салмагы 53 килограмм 400 грамм болгон. Автоунаанын айдоочусу – Кыргыз жараны Ж.Ж. Кыргызстандын аймагында казууга жана мыйзамсыз жыйноого катуу тыюу салынган эндик (Арнебия) өсүмдүгүнүн тамырларын чек ара посту аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран жана эндиктин тамырлары салынган каптар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

“Укук бузуулар” жөнүндө Кодексинин 264-беренесине ылайык, кармалган жаран жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун же алардын бөлүгүн сатып алуунун жана сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке жана айып пул төлөөгө тартылды.

Маалымат үчүн: Эндик жоголуп кетүү коркунучундагы өсүмдүктөрдүн түрүнө кирет. Ал Азия жана Түндүк Африкада өскөн дарылык касиети бар чөп (Boraginaceae тукуму), жалбырактары кезектешкен түрдө өсүп, жашына жараша сары же кызгылт көк гүл ачкан өсүмдүк болуп саналат. Тамырдын курамында шиконин аталган биологиялык зат бар.