Чек арада Камчыбек Ташиевдин уулунун атын айтып, коркуткан жаран кармалды (видео)

Чек арада эркек киши кармалган. Ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас менен байланышы бар экенин айтып, коркуткан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Актилек-автожол» өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын жараны токтотулган. 

Кармоо учурунда ал адам УКМКнын төрагасы Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, коркуткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.