Чек арадагы атышуунун кесепетинен Булак-Башыда чыккан өрттү 51 киши өчүрүп жатат

Булак-Башы тилкесиндеги өрт өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 14-сентябрь күнү Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кык жайлоосундагы Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:50дө Баткен шаарындагы №26 ӨКБдан 11 куткаруучу жана Зил-131 унаасы, айыл өкмөтү тарабынан 15 жергиликтүү жаран тартылган.

Бүгүн, 15-сентябрь күнү эртең мененки саат 04:00дө кошумча күч катары КамАЗ, АСМ унаасы менен 51 куткаруучу тартылды. 10 топко бөлүнгөн өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тобу техника барууга мүмкүн болбогон жерлерде кол күч каражаттары менен өрттү өчүрүү иштерин улантууда.